Шевченко салмагын арттырып, эки жолку UFC чемпиону болууну көздөөдө

© AP Photo / Michael WykeКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
Шевченко UFC уюмунда алгач жеңилирээк (61 кг) салмакта чыгып чемпиондук кур ала албай, кийин эң жеңил салмактагылар дивизионуна өткөн.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко 2022-жылдын соңунда эң жеңил салмактан (57 кг) жеңилирээк (61 кг) салмакка өтүп, титул үчүн кармашууну пландап жатат. Бул туурасында спортчу кыз The MMA Hour YouTube каналына маек берип жатып айткан.
Шевченко учурда эң жеңил салмак боюнча чемпиондук титулга ээ. Жылдын соңуна чейин андан өйдө салмактагы дивизиондогу Жулианна Пенья же Аманда Нуньес менен беттешип, UFC уюмунун эки жолку чемпиону болууну көздөп жатат.

"Менимче, бул колдон келе турган эле нерсе. Адамда мүмкүнчүлүк ар дайым бар деп эсептейм. Жеңилирээк салмакка чыгууга ар дайым мүмкүнчүлүк бар, анан да кармаш канчалык көп болсо, ошончо жакшы эмеспи? Муну жыл чоңуна чейин муну жасоого болот деп ойлойм. Бул укмуш кармаш болот. Мындан сырткары, июлда Миша Тейт да эң жеңил салмакка түшүүгө ниеттенип жатат, андыктан көп нерсе өзгөрөт деген пикирдемин. Эмне болгон күндө да бул нерсе өтчүдөй", — деген Шевченко.

Эске салсак, Шевченко башында UFC уюмунда жеңилирээк салмак менен чыгып жүргөн. Ал чемпиондук кур ала албай, эң жеңил салмактагы дивизионго түшкөн. Кыргызстандык кыз баштапкы салмагында Нуньес менен эки ирет беттешип, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган. 2016-жылы болгон биринчи кармашта бразилиялык кыз калыстардын берген добушу менен жеңүүчү деп аныкталган. Экинчи ирет 2017-жылы UFC 215 турниринин алкагында кездешип, калыстардын өзүнчө чечими менен артыкчылык анда да кыргызстандык кыздын атаандашына берилген.
Удушение до потери сознания — видео лучших моментов турнира UFC Vegas 54 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Эсти оодарган ыкмалар... Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0