Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусунун жаратылышы. Архив
Ысык-Көл облусунун жаратылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
26-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +33...+35 градуска жетет.
Ош облусундагы талаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0