Мен баягы жолдо турам... Зайырбек Ажыматовдун эки китебинин бет ачары өтөт

© Фото / Улан АсаналиевАкын жана журналист Зайырбек Ажыматов. Архив
Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Иш-чара Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын концерттик залында өтөт.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун эки китебинин бет ачары өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
Анда "Доско кат" поэтикалык жыйнагы жана "Датасы жок күндөр" ой толгоолор топтому окурмандарга сунушталат. Иш-чара 27-майда саат 10:30да Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын концерттик залында башталат.
Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Акын 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Соңку жылдары "Азаттык" радиосунда эмгектенип жүргөн.
Ажыматовдун "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.
Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Дүйнө салганына жыл айланды. Акын Зайырбек Ажыматовдун сүрөттөгү элеси
Жаңылыктар түрмөгү
0