Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОрто-Токой суу сактагычы
Орто-Токой суу сактагычы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
23-майда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. 23-май. дүйшөмбүдө, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерге мөндүр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21...+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18, Нарында +11...+16 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында 23-майга караган түнү жамгыр жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Бишкекте +19...+21 градуска жетсе, Ош калаасында +21...+23 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.
Ош облусундагы талаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0