Чаткалда шыбы ураган класс. Министр жаңы мектеп салууну убадалады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Министр айылдагы шыбы ураган №18 орто мектепке барып окуучу, мугалимдерден кабар алган.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылына сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармак аркылуу билдирди.
Министр айылдагы шыбы ураган №18 орто мектепке барып окуучу, мугалимдерден кабар алган.

"Кудайга шүгүр, окуучуларым менен мугалимим аман-эсен, эч кимиси оор жаракат алган эмес. Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармагыбыздагы жаңылануулар боюнча жеринен кабар бердим. Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат", — деген министр.

Эске салсак, буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 16 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги окуучулар коркуп калганын, оор жаракат албаганын билдирген.
Мектептин коридору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Терек-Сайдагы шыбы ураган класс: Жапаров башка мектептерди текшерүүнү тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0