Жума күнгө карата аба ырайы

© AFP / GERARD JULIENРомашкадагы жаандан кийин суу тамчысы. Архив
Ромашкадагы жаандан кийин суу тамчысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
20-майда өлкө аймагында өзгөрүлмөлүү аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас чөлкөмүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтөт. Термометр Бишкекте +26…+28, Ош калаасында +28…+30 градусту көрсөтөт.
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0