ИИМ: Тажикстандын Рушан районунда антитеррордук операция башталды

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүМашыгуулар учурунда Тажикстандын аскер кызматкерлери. Архив
Машыгуулар учурунда Тажикстандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Министрлик криминалдык топтор конституциялык түзүмгө каршы аракет кылып жатат деген маалымат таратты.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусундагы Рушан районунда антитеррордук операция башталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан өлкөнүн ИИМине шилтеме кылып билдирген.
Маалыматта кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган райондун аймагындагы эл аралык Душанбе — Кульма жолун мыйзамсыз жаап алды деп айтылган. Бул 17-майда мамлекеттик чек аранын тилкесинде коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында жасалган.
"Кылмышкерлер эл аралык террордук уюмдардын колдоосу менен өлкө сыртынан ок-дарыларды, курал-жарактарды алышкан, андан сырткары, террордук актыларды жана башка маанайдагы чагымчыл иштерди жасаш үчүн чет элдик жалданган кишилерди тартышкан", — деп айтылат маалыматта.
Алардын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тартип коргоо органдарынын "куралдар менен ок-дарыларды тапшырып бергиле" деген талабын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөн. Министрлик кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эл аралык маанидеги Душанбе — Кульма трассасындагы автокыймылды калыбына келтирүү үчүн атайын операция зарыл деп жазган агенттик.
Министрлик айтылган топтордун бардык аракеттери "Конституциялык негизги түзүмгө каршы багытталган" деп билдирип, Рушан районундагы кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүндө террордук мүнөздөгү кылмыштардын белгиси бар деген билдирүү жасаган.
Агенттик 16-майда нааразылыктардан улам Хорогдо бир адамдын каза таап, үч кишинин жаракат алгандыгын маалымдаган. Тажикстандын ИИМинин билдиргенине караганда, башаламандыктарды криминалдык топтор уюштурган, алардын бирөө кол гранатаны жардырып жиберген. Анын кесепетинен бир канча аскерлер жаракат алып, нааразылыкка чыккандардын бири көз жумган.
Ал эми социалдык тармактарда башка версиядагы маалымат тарады. 29 жаштагы Замир Назришоев митингге чыккандарды аскерлер кулак тундуруп, көздөн жаш агызган каражаттарды колдонуп кууп жатканда каза тапкан.
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Тажикстандын Хорог шаарындагы митингде бир адам каза болуп, алтоо жаракат алды
Жаңылыктар түрмөгү
0