Кыргызстанда 84 дарыкана уруксаты жок иштеп келген. Министрликтин текшерүүсү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАптекада фармацевт
Аптекада фармацевт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Мыйзамсыз иштеп жаткан фармацевтикалык мекемелердин көбү Ош аймагынан табылган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстанда 84 дарыкана уруксат берилген документи жок, дары сатып иштеп келгендигин Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Дары-дармек жана медициналык буюмдар боюнча департамент фармацевтикалык мекемелердин лицензиясынын бар-жогун текшерген.
Бишкектен 30, Оштон 37, Таластан сегиз, Нарындан беш, Ысык-Көлдөн төрт дарыкана чыккан.
Министрликтен атайын комиссия топтолгон материалдарды прокуратура органына берерин кошумчалашты.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Бейшеналиев: 300 менчик клиниканы жабам, бирөө эле күнүнө 20 аборт жасайт экен
Жаңылыктар түрмөгү
0