Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия аскерлери Запорожьенин жашоочуларына 55 тонна гумжардам жеткирди

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКишилер Россиядан гуманитардык жардам түшүрүп жатат
Кишилер Россиядан гуманитардык жардам түшүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Жазылуу
Азык-түлүктү жана зарыл буюмдарды биринчи иретте көп балалуу үй-бүлөлөр менен улгайгандарга таратышкан.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия жоокерлери менен Терек казак аскерлери Запорожье облусундагы Мелитополь районунун тургундарына 55 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул туурасында маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье Тelegram каналы жарыялады.
Тамак-аш жана турмуш-тиричиликтеги зарыл болгон буюмдарды Константиновка, Мирный жана Приазов аймактарынын жашоочуларына беришкен. Жүктү жолдо Терек казак аскерлери менен Россиянын Куралдуу күчтөрү коштоп, кайтарып келишкени айтылды.
"Алардын арасында тамак-аш сөзсүз бериле турган көп балалуу үй-бүлөлөр менен улгайгандар бар", — деп кошумчалашкан РФтин Коргоо министрлигинен.
Аларга ун, кант, эт жана балык консерваларын, таттуу-тарапа, чай жана башка азыктарды таратып беришкен.
Биринчи Май районунун тургундары Россиядан келген гуманитардык жүктү түшүрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аткыланган Благодатное айылындагы балдарга өз тамагын берген айдоочу. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0