Садыр Жапаров футбол мелдешинен уткан 1 млн. сомду жетим балдар мектебине берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
4-5-майда Бишкекте өткөн футболдук турнирди президенттин администрациясынын командасы жеңген.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан жетим балдардын Мырза-Аке жатак мектебине 1 миллион сом тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бул каражат "Мурас" достук мелдешинде президенттин администрациясынын командасы утуп алган акча экени айтылды. Белгилей кетсек, 4-5-майда Бишкекте өткөн футболдук турнирди президенттин администрациясынын командасы уткан. Анда президент турнирдин байге фонду кайрымдуулукка багытталарын билдирген.
Жатак мектептин имараты 1988-жылы 200 орунга ылайыкташып курулганы айтылды. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.
Президент Садыр Жапаров Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрахим Аль-Халифа менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Жапаров АФК президенти менен жолугуп, быйыл футбол стадиону куруларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0