Финансылык көз карандылыктан качып төрөгүсү келбеген аялдарга адистин кеңеши

© Фото / Pixabay/ Bgmfotografia Кош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
Учурда үй-бүлөлүк модель бир аз өзгөрүп, аял киши үй-бүлөлүк бюджеттин көбүрөөк бөлүгүн толтурган учурлар көнүмүш адатка айланды.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жолдошу менен тең тайлашып, кээде андан көбүрөөк акча тапкан аялдар эмне себептен төрөгөндөн коркот жана алар мындай коркунучту кантип жеңиши керек? Бул суроого РИА Новости агенттигине берген маегинде психолог жана коуч Григорий Мисютин жооп берди.
Адистин айтымында, учурда үй-бүлөлүк модель бир аз өзгөрүп, аял киши үй-бүлөлүк бюджеттин көбүрөөк бөлүгүн толтурган учурлар көнүмүш адатка айланды.

"Дал ушундай аялдар мен төрөсөм, киреше азаят же күйөөмдөн финансылык жактан көз каранды болуп калам деп чочулашат. Бирок алар төрөт дагы бир гана анын милдети эмес, жалпы үй-бүлөнүн мойнундагы жүк экенин түшүнүшү керек. Балалуу болуш үчүн аял ден соолугун, убактысын, өзүнө көндүм жашоо образын курмандыкка чалып жатат. Демек, учурда үй-бүлөнүн финансылык жүгүн эч нерседен корпой эле эркектин мойнуна жүктөө керек. Мына ушул нерсени азыркы көпчүлүк аялдар кабыл алгысы келбейт", — деди психолог.

Ошондой эле ал өзү акча таап көнгөн аялды мындай учурда ыңгайсыз абалга койбош үчүн жолдошу суратпай эле үй-бүлөлүк бюджетти толтуруп турганы жакшы деп эсептейт.
"Азыр көпчүлүк үй-бүлөдө жубайлар бири-биринин канча акча табарын так билишпейт. Илгеркидей болуп эркек киши тапканынын баарын аялынын колуна кармата бербейт. Балким аялдар ошол үчүн акча сурап, көз каранды болгусу келбеши мүмкүн. Демек, эркек күнүмдүк жашоого, баланын жана аялдын муктаждыгына кете турган акчаны суратпай берип турганы жакшы", — деди Мисютин.
Мындан тышкары, адис болбой эле көз каранды болгусу келбеген аялдарга төрөгөнгө чейин кайсы бир суммадагы акчаны сактап коюуну сунуштайт.
"Төрөттөн кийин аялдын ден соолугу солгундашы мүмкүн. Ошол эле тиштерди оңдотуш үчүн ири каражат керек", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда Мисютин жубайлар мындай учурда бардыгын ачык сүйлөшүп, макулдашып алганы туура экенин кошумчалады.
Майып адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Капыстан майып болгондор кийин кантип жумуш тапса болот? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0