Россия сатып алган мыкты 10 кыргыз товары. Инфографика

Жазылуу
Адатта Кыргызстан Россияга Made in KG товарларынан, кийим, жашылча-жемиштен башка дагы продукцияларды, маселен, айнек да сатат.
2021-жылы Кыргызстан Россияга 413 миллион долларлык товар жөнөткөнү Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматтарында айтылган. Бул ЕАЭБ мамлекеттерине кеткен экспорттун жарымынан көбү экендиги айтылды.
ЕЭК отчетторун карап чыгып, Sputnik 2021-жылы Россияда суроо-талап көп болгон Кыргызстандын он продукциясын тизмектеп чыкты.
Сап башына жез чыкты (жез калдыктары): былтыр жөнөтүлгөн бул товардын көлөмү 71 миллион доллардан ашкан. Экинчи орунга кургатылган жемиштер, жаңгак, жаңы жемиштер чыгып, наркы 59,6 миллион долларды түзгөн. Үчтүккө 50,9 миллион менен трикотаж товарлары кирген. Кеп свитер, кардиган, жилет, ич кийим, уктаганда кийген жана башка кийимдер туурасында жүрүп жатат.
Төртүнчү орунга экспорттолгон транспорт каражаттарынын бөлүктөрү жана ага тиешелүү буюмдар кирет, бул 28,5 миллион долларды түзгөн. Белгилей кетсек, бул суммага жеңил автоунаалар жана башка дагы моторлуу транспорттор кирген, бирок анын үлүшү 5,4 миллион болгон.
Тандалма товарлардын рейтингинде айнек жана айнектен жасалган буюмдар да бар. Россияга кеткен бул категориядагы продукциялар 25,6 миллион долларга бааланган.
ТОП-10дун ичинде жогоркулардан сырткары кара металл (калдыктар), сүт, сүт азыктары, жашылчалардын бир нече түрү, трикотаждан жасалбаган кийимдер, андан сырткары, балык бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0