Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мариуполь тургуну: кошуналарды атып, батирлерди өрттөштү. Видео

Жазылуу
Мариуполдун тургуну Александр "азовчулардын"* кылмыштары тууралуу айтып берди.
"2-апрелдин түнүндө "Азов" жашоочулардын бардыгын үйлөрүнөн, жер төлөдөн кууй баштады. Саат таңкы беште жетишпей калгандарды үйлөрүнө киргизген жок, бир катарларын снайпер атып салды", — деп эскерген ошол кандуу ирмемдерди Александр.
3-апрелде улуттук батальон турак жайды танк жана миномёттордон аткылаган. Александр үйүнө кайтып келгенде подъезддин миналанганына күбө болгондугун айтып берген.
* "Азов" — РФте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0