Улуттук филармония Ысык-Көлдө эки күн концерт берет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоктогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Жазылуу
Маданий иш-чара 17-18-майда Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында болот.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жамааты Ысык-Көлдө "Улуттук филармония ыр-күү сунат жалпыга, касиеттүү Ысык-Көлдүн калкына!" аттуу чоң программадагы концерт берет. Бул тууралуу маданий мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, маданий иш-чара "Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору" деп жарыяланышына жана улуттук филармониянын 85 жылдыгына карата уюштурулмакчы.
"Анда Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик "Ак-Марал" бий ансамбли жана улуттук филармониянын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттери өнөрлөрүн тартуулайт", — деп айтылат маалыматта.
Концерт 17-18-майда Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында болору кошумчаланды.
Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
"Ала-Тоо" аянтында "Маш ботой" күүсүн 16 оркестр аткарды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0