https://sputnik.kg/20220511/buturuu-kecheleri-shaan-shokotu-zhok-otot-1064305940.html
Өмүрканова: бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат
Өмүрканова: бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын адиси Салтанат Өмүрканова быйыл Акыркы коңгуроо... 11.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-11T13:52+0600
2022-05-11T13:52+0600
2022-05-11T13:52+0600
радио
акыркы коңгуроо
мектеп
бүтүрүүчү
салтанат өмүрканова
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0b/1064306176_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_954275a2b72dd6a34fe14a81abacfea4.jpg
Өмүрканова: бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат
Sputnik Кыргызстан
Өмүрканова: бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат
Быйыл республика боюнча 9-классты 106 миң 299, ал эми 11-классты 67 миң 45 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Салтанат Өмүрканова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бул жылы бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 1-8-июлга чейин тапшырылат.Ал быйыл акыркы сабактар 8-июнда өтүлөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0b/1064306176_146:0:2875:2047_1920x0_80_0_0_3a9f0434850b793e96dec4147c328d44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акыркы коңгуроо, мектеп, бүтүрүүчү, салтанат өмүрканова, кыргызстан, аудио
акыркы коңгуроо, мектеп, бүтүрүүчү, салтанат өмүрканова, кыргызстан, аудио
Өмүрканова: бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын адиси Салтанат Өмүрканова быйыл Акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда өтөрүн айтты.
Быйыл республика боюнча 9-классты 106 миң 299, ал эми 11-классты 67 миң 45 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Салтанат Өмүрканова
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жылы бүтүрүүчүлөргө аттестаттар 1-8-июлга чейин тапшырылат.
"Акыркы коңгуроо салтанаты быйыл мектептерде 2-3 саатка созулган программанын алкагында гана өткөрүлөт. Майрамдык линейка, концерттик программа менен коштолуп, күндүз уюштурулат. Ал эми бүтүрүү кечелерин өткөрүп, мектептен сырткары кандайдыр бир шаан-шөкөт уюштурган мектеп администрациялары жазаланат. Окуучулардын коопсуздугу үчүн мындай оюн-зоокторго ата-энелер да жол бербеши керек. Тескерисинче, балдарга түшүндүрүп, биринчи кезекте анын коопсуздук маселеси, экинчиден ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырганы дурус. Эгер болбой эле мектеп администрациясынын катышуусунда кафе, ресторандарда же ушул сыяктуу форматта өткөрүлгөн кечелерге күбө болсоңуздар 0 (312) 66 10 46; 0 (312) 66 34 07 номерлерине чалыңыздар. Мындай учурлар тууралуу алдын ала маалымат келип түшсө биз мектеп жамааты, ата-энелер комитети жана окуучулар менен иш алып барабыз", — деди Өмүрканова.
Ал быйыл акыркы сабактар 8-июнда өтүлөрүн кошумчалады.