Президенттер Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү
Бишкектеги Өлбөс полк жүрүшү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Жазылуу
Түшкө чейинки убакытта беш мамлекеттин башчысынан куттуктоолор келип түштү.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бир катар мамлекеттердин президенттери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Материал куттуктоолор келгенине жараша жаңыланып турат.

Россия президенти Владимир Путин

Ушул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.
Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салты мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем.
Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерди жана тыл эмгекчилерин чын жүрөктөн куттуктап, ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалайм.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Бул ыйык күн дүйнөнү фашизмден сактап калган элдерибиздин болуп көрбөгөндөй эрдигинин, өзгөчө кайратмандыгынын символу катары тарыхта түбөлүккө жазылып калды. Бир туугандык жана өз ара жардамдашуу салты мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем. Кыргызстандын бардык ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине ыраазычылык сөздөрүн айтам.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

9-Май — биздин элдерибиздин теңдешкис эрдигин, тынчтык жана эркиндик үчүн кайраттуу күрөшүн, өз ара тилектештикти символдоштурган ыйык майрам. Бул майрамда согуш талаасында жанаша жүрүп баатырларча салгылашкан ардагерлерибизди жана тылда жан аябаган аталарыбызды, чоң аталарыбызды эскерип, аларга чексиз урмат-сыйыбызды билдиребиз.
Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине мындан аркы бакубатчылык жана өнүгүү каалайм.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон

Согуштун каардуу жылдарында биздин өлкөлөрдүн элдери бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкен. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган эрдиги жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер жалпы кызыкчылыктарга ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем.
Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалайм.

Беларусь президенти Александр Лукашенко

Азап жана кубанычтын көз жашы менен биз бул жаркыраган күнү адилеттиктин, өз ара урматтоонун жана тең укуктуу өнөктөштүктүн идеалдары үчүн күрөшкөндөрдү жана курман болгондорду эскеребиз.
Күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана глобалдык чакырыктарга туруштук берип, заманбап чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун таба аларыбызга терең ишенем. Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиргим келет.
Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана боорукердик, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Сауд Аравия королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд

Жеңиш күнүн майрамдоого байланыштуу улуу мартабалууга чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду, кыргыз өкмөтүнө жана боордош кыргыз элине ден соолук, бакыт-таалай жана мындан аркы өнүгүүнү каалап жатканыбызды чоң кубаныч менен билдиребиз.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев

9-Май — биздин бардыгыбыз үчүн кымбат майрам. Ал кандуу согуштун катаал жылдарын ар-намыс менен басып өтүп, кайраттуулук, баатырдык менен адамзатты фашизм коркунучунан сактап калган элдерибиздин даңктуу тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Улуу Жеңиш биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Согуштун узак жылдарындагы оор сыноолордо көрсөтүлгөн биздин элдерибиздин достук жана өз ара колдоо салттары мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем.
Садыр Жапаровго жана бардык согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, жалпы бир тууган Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов

Бул күнү биз келечек муундардын бейпил жашоосу үчүн салгылашууларда эрдиктин, кайраттуулуктун жана майышпас эрктин бийик үлгүлөрүн көрсөткөн жалпы баатырларыбызды эскеребиз. Ошондой эле талыкпаган, жан аябас эмгек менен көптөн күткөн Жеңишке баа жеткис салым кошкон оорук кызматкерлерин терең урматтоо жана сыймыктануу менен эстейбиз.
Учурдан пайдаланып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, боордош Кыргызстан элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана ден соолук, бакубатчылык кааларымды жеткирүүңүздү өтүнөм.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Унутууга акыбыз жок! Садыр Жапаров согушта курман болгондорду эскерди
Жаңылыктар түрмөгү
0