Эч нерсе унутулбайт! Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн 18 сүрөт
Эч нерсе унутулбайт! Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн 18 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы кадимки тартипте өттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги жүрүштөн кызыктуу ирмемдерди сунуштайт. 09.05.2022, Sputnik Кыргызстан
"Өлбөс полк" акциясы саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында башталып, чогулгандар Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен "Жеңиш" аянтына чейин жөө барышты. ШИИБдин маалыматы боюнча, жүрүшкө 15 миңден ашык адам катышкан. Бишкектиктер менен шаар коноктору Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп басышты. Акция болжол менен саат 11:30да "Жеңиш" аянтында аяктады. Аларды салт болуп калгандай "Жеңиш вальсы" бий флешмобу тосуп алды.Бишкектен тышкары "Өлбөс полк" акциясы Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка жерлерде да болду.
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы кадимки тартипте өттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги жүрүштөн кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
"Өлбөс полк" акциясы саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында башталып, чогулгандар Байтик баатыр (Абдрахманов) көчөсү менен "Жеңиш" аянтына чейин жөө барышты. ШИИБдин маалыматы боюнча, жүрүшкө 15 миңден ашык адам катышкан. Бишкектиктер менен шаар коноктору Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын сүрөттөрүн көтөрүп басышты. Акция болжол менен саат 11:30да "Жеңиш" аянтында аяктады. Аларды салт болуп калгандай "Жеңиш вальсы" бий флешмобу тосуп алды.
Бишкектен тышкары "Өлбөс полк" акциясы Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка жерлерде да болду.