Батыш жөн гана мойнуна алса. Эксперт фашисттерди жеңүүдө СССРдин ордун эске салды

© Sputnik / Peter Bernstein / Медиабанкка өтүүЖеңишти майрамдап жаткан совет аскерлери. Архив
Жеңишти майрамдап жаткан совет аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Макаланын автору Германия менен согушууда советтик армия он миллиондой жоокеринен айрылганын, Чыгыш фронтунун аракетинин аркасында көпчүлүк америкалыктар жана союздаштардын өмүрү сакталганын жазат.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согушта гитлердик коалицияны АКШ эч кимдин жардамы жок эле утуп алган деген америкалыктардын пикири туура эмес. Батыш фашисттерди жеңүүдө СССРдин чоң салымы бар экендигин мойнуна алышы керек. Мындай пикирди The Washington Times басылмасынын баяндамачысы Тодд Вуд өз макаласында жазды.

"Биздин деградация болгон мектептерде америкалык жаштарга тарых сабагы начар окутулуп жатат. Ал жакта көбүнчө феминологияга жана ага окшогон сабактарга басым жасалып жаткандай. Алар жазганды, окуганды, тарыхты жана башканы үйрөткөндүн ордуна, так эмес пландар, күмөндүү ой-максаттар менен университеттердин солчул мугалимдери тарабынан өткөрүлүп жаткандай өңдөнөт", — деген Вуд.

Баяндамачынын айтымында, америкалыктар согушта СССР кандай жоготууларга дуушар болгонун да элестете алышпайт.

"Советтер Союзунун катуу күч-аракети, кыйылган адам өмүрлөрү болбогондо гитлердик коалицияга каршы тургандарга фашисттик Германияны жеңип алуу өтө кыйын болмок. Далил катары айтсам, согушта мындай жыйынтыктарга жетүү үчүн Германияга каршы өзөктүк курал колдонуп гана утуп алуу мүмкүн болчу", — деген баяндамачы.

Макаланын автору Германия менен согушууда советтик армия он миллиондой жоокеринен айрылганын, Чыгыш фронтунун аракетинин аркасында көпчүлүк америкалыктар жана союздаштардын өмүрү сакталганын жазат.
"Батыш фашисттик Германияга каршы согушта жеңишке жеткендигинде Советтер Союзунун кошкон салымын жөн гана мойнуна алса дейм", — деген Вуд.
Буга чейин Россиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий фашисттик Германияны талкалоодо Советтер Союзунун салымы жөнүндө АКШ унчупай коюуга аракет кылууда деп билдирген.
"Прибалтикада, Чыгыш Европада дайыма русофобия даңкталып, нацисттердин жанында жүргөндөрдүн жөө жүрүшү өткөрүлүп, бирок Георгий тасмасына тыюу салынып, "советтик оккупация" жөнүндө жалган маалыматтар айтылып келет ", — деген ал.
Су-25 чабуулчу учагы репетиция маалында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Сүрү күчтүү! Москвада өтчү Жеңиш парадына даярдыктан 18 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0