Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшКөгүчкөн. Архивдик сүрөт
Көгүчкөн. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Жазылуу
8-майга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-май.— Sputnik. Жекшембиде күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26...+31, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +28...+33, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +19...+24 градус ысык болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +28...+30 градуска жетет.
Рабочая поездка Садыра Жапарова в Иссык-Кульскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Садыр Жапаров: Кыргызстандагы бардык ички аба каттамдар калыбына келтирилет
Жаңылыктар түрмөгү
0