"Ала-Тоо" аянтында бүгүн 16 оркестрдин катышуусунда концерт өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОркестрдеги музыкант. Архивдик сүрөт
Оркестрдеги музыкант. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Жазылуу
Республикалык сынак жыйынтыкталып, гала-концертке 16 оркестр жамааты катышат.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Улуттук тарых музейинин алдында бүгүн, 7-майда, саат 18:00дө оркестр жамааттарынын концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, министрлик буга чейин оркестр (эл аспаптар) жамааттары арасында республикалык кароо-сынак жарыялаган. Ага өлкөдөгү бардык фольклордук жана эл аспаптар оркестрлери катышкан.
Бүгүн сынактын жыйынтыгы чыгарылып, байгелер тапшырылат. 16 оркестр жамаатынын мыкты чыгармалары тартууланат.
Кыргыз драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Кыргыз драма театры май айындагы репертуарын жарыялады. Убакыт-сааты
Жаңылыктар түрмөгү
0