Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Халдаров: режиссер кино эмне үчүн тартыларын түшүнгөндө гана жакшы тасма жаралат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш режиссер Манас Халдаров
Жаш режиссер Манас Халдаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2022
Жазылуу
Жаш режиссер Манас Халдаров 2018-жылы тасманын оператору жана монтажеру катары Канн фестивалына катышканын айтты.
6-классты Россияда, 7-11-классты Оштогу түрк лицейинде окудум. Орто мектепти аяктагандан кийин 2011-жылы Түркиядагы Kocatepe университетиндеги кино жана ТВ бөлүмүнө тапшыргам. Аталган кесипке буга чейин кызыкчумун. Бул тууралуу Манас Халдаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Халдаров: режиссер кино эмне үчүн тартыларын түшүнгөндө гана жакшы тасма жаралат
Анын айтымында, кинонун башкы максаты — картина аркылуу көрүүчүгө билдирүү жөнөтүү, таасир этүү.
"Түркияда билим берүү же саламаттык сактоо тармагы болобу, системаны Европадан көчүрүп кайталаган тенденция бар. Ошондуктан аталган мамлекетте билим берүү деңгээли абдан жакшы деп айта алам. Студентке бардык шарттар түзүлүп, практикалык билим алууга басым жасалат. 3-курста эле телепрограмма, документалдык жана кыска метраждуу тасма тартууга жетиштим. 2013-жылы курсташтарым менен биринчи кинофестивалга кыска метраждуу тасма менен катышып, экинчи орунду камсыздап, акчалай сыйлык утуп алганбыз. Биз үчүн чоң мотивация болду. Кинофестивалдарга катышуу жаш таланттардын профессионалдык кино дүйнөсүнө аралашуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Университетти аяктагандан кийин да фильмдерди тартып, башка да фестивалдарга катыштык. Профессорум менен бирге тарткан тасма Канн кинофестивалынын финалына өтүп, 2018-жылы Францияга учтук. Ал тасманын оператору жана монтажеру элем. Ошол жактан кино адисине фестивалдын канчалык керектүү экенин, жаңы байланыштарды түзүүгө жардам берерин көрүп, билдим. 2019 жана 2021-жылдары иш-чарага көрүүчү катары бардым. Канн фестивалына көпчүлүк жаш киночулар катышууну максат кылат, кыялданат. Бирок кайсы гана фильм болбосун, ошол тасма аркылуу атактуу болом же дүйнөлүк конкурска катышам деп тарткан туура эмес. Ооба, балким ал деле жакшы сапаттагы фильм жаратууга түрткү болоттур. Бирок кинонун башкы максаты — картина аркылуу көрүүчүгө билдирүү жөнөтүү, таасир этүү. Менимче, режиссер кино эмне үчүн тартыларын түшүнгөндө гана жакшы тасмалар жаралат. Мисалы, ошол эле Канн фестивалы картинанын идеясына, режиссердун максатына, ошол тасманын коомго пайдасына карап баалайт. Менин жеке анализим боюнча, аталган фестивалда жеңүүчү болгон фильмдер — дүйнө мурда угуп көрө элек жаңы окуя, идеяларды камтыган чыгармалар", — деди Халдаров.
Ал тажрыйба алуу максатында беш кыска метраждуу тасма, бир толук метраждуу фильм тартканын жана ар кандай долбоорлордо 3D графика жасаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0