Шаршембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Charlie RiedelЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Шаршемби күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20...+25, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көлдө +18...+23 жана Нарын аймагында +19...+24 градусту көрсөтөт.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +21...+23, Ош шаарында +22…+24 градуска жетет.
Мөндүр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Шашылыш билдирүү! Күн сууктап, катуу жаан жаайт
Жаңылыктар түрмөгү
0