Туризмге бөлүнгөн 1 млрд. сом, өкмөттүн төрт багыты. Демилге өтөсүнө чыгабы?

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Жазылуу
Министрлер кабинети ата мекендик туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүп, ал ачык акционердик коомго бир миллиард сом бөлөт. Ири суммадагы каражатка ондогон долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фонд эмне иш алып барып, туризмди кантип өнүктүрө тургандыгына кызыгып көрдү.
Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда "Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" жарлыкка кол коюп, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун жана Туризм боюнча улуттук кеңеш түзүүнү тапшырган. Анын негизинде министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын март айында бир катар мамлекеттик органдардын алдына милдеттерди койду.
Мындан улам Экономика жана коммерция министрлиги "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставын иштеп чыкты. Анын 100 пайыздык уставдык капиталына мамлекет ээлик кылат. Аталган министрликтин Экспертиза жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Айдаров жаңы компаниянын жалгыз акционери Экономика жана коммерция министрлиги боло тургандыгын билдирди.
"Ачык акционердик коомдун уставын иштеп чыгып, ишкана юстиция органдарынан каттоодон өттү. Алардын саясатын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жүргүзөт. Экономика жана коммерция министрлиги жалгыз акционер болгондуктан акционердик коомдун чарбалык ички иштерине кийлигишпейбиз ", — деди Айдаров.
Аталган ачык акционердик коомго Финансы министрлиги бир миллиард сом бөлөт. Республикалык бюжеттин топтолгон резервинен каралган ал акча ички туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоого, өнүктүрүүгө жана ички, чет элдик инвестицияларды тартууга жумшалат деп айтылууда.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, жаңы фонд жеке компаниялар менен жигердүү кызматташат.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов
Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов
"Бир миллиард сом инфратүзүмдү жакшыртууга, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кетет. Мисалы, этношаарчалар, заманбап ажатканалар курулат. Жаңы фонд туризмде жүргөн компаниялар менен тыгыз байланышта болуп жигердүү иштешет. Биз колдон келишинче сырткы жана ички инвестицияларды да колдонууга аракет кылабыз. Мамлекеттин карамагындагы киреше бербеген санаториялык-курорттук объектилер да фондго өткөрүп берилет. Азыр тиешелүү мамлекеттик органдар менен алардын тизмесин тактап жатабыз", — деди Жаманкулов.
Министр ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөндүгүн кошумчалады.
"Ага мамлекеттик органдар, туристтер менен иш алып барган жеке компаниялар кирет. Алар өз ара кызматташып, жаралган көйгөйдү ортого салып чечет. Мисалы, эс алуучулар көп каттаган туристтик жайга бара турчу жол бузулуп калса, аталган кеңештин курамындагы Транспорт жана жолдор министрлиги жол маселесин чечет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнүн алдында кеңеш маселени ортого салып, тез чечүү керек болгон маселелер болсо тиешелүү маморгандарга тапшырма берет", — деди министр.
Кыз чемодан менен аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Депутат: россиялыктар көп келиши мүмкүн, туристтик жайларды даярдайлы
Уставдык капиталы бир миллиард сом болгон ачык акционердик коомду Елена Калашникова жетектемей болду. Кыргызстанда ондогон жылдан бери туризм тармагында эмгектенип, жеке компанияларды иштетип келген жетекчи алдыда төрт багыт боюнча иштер жасала тургандыгын белгиледи.
"Биринчиден, Кыргызстан жөнүндө чет элдиктер өтө аз билишет, чет жакта өлкөбүз тууралуу маалыматтар жетишсиз. Ошондуктан маалыматтык долбоорлор жасалат. Экинчиден, инфраструктуралык көйгөйлөрүбүз бар. Бизде туристтик ишкерлик өнүгүп мыкты мейманкана, ресторан, эс алуу борборлору курулган. Бирок маданий объектилерде, жол боюнда жакшы аялдама, ажатканалар жок. Мындай жагдай өлкөнүн имиджин түшүрүп жатат. Анан өлкөдө инвестициялык жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, кызыкдар тараптар менен түрдүү долбоорлорду ишке ашырабыз. Бул үчүн туруктуу бизнес механизмин, киреше табуунун жолдорун иштеп чыгабыз", — деди Калашникова.
Мамлекет тарабынан бөлүнө турчу акчага расмий сайт, тиркеме жасалып, маданий, тарыхый жайлар да инвентаризацияланат.
"Өлкө аймагындагы маданий-тарыхый объектилер, эс алуучуларды кабыл алган жайлар инвентаризациядан өтөт. Эмне бар же жок экенин толук билбей жатабыз. Туризмге байланыштуу укуктук маселелерди да карап чыгуу керек болууда. Мисалы, жайыт жерлерди туризмге колдонууга уруксат берүү, чет элдик кызыкдар тараптарды Кыргызстанда каттоо жана салык төлөө, жеңилдиктерди берүү маселелерин карап чыгып сунуштарды беребиз", — деди Калашникова.
Баса, Юстиция министрлигинин сайтында Елена Калашникова "Ак-Сай Трэвел", Asia Adventures Grup, "Калахари", АК-САЙ ТРЭВЕЛ ГРУПП", "IEE", "Ак-Сай Ысык-Көл" жеке фирмаларында негиздөөчү, жетекчи катары көргөзүлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү туризм боюнча иш алып барат.
Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан адистер бөлүнчү каражат туристтик объектилерди жакшыртууга да жумшалса экен тилекте.
Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеровдун пикиринде, эгер фонд киреше алып келчү гана демилгелерди каржыласа, анда жалпы иш алдыга жылбайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров
Президент Кыргызской ассоциации туроператоров Сергей Глуховеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров
"Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна бөлүнчү акчаны бизнес-долбоорлорго гана жумшабастан, өлкөнүн туристтик объектилерин жакшыртууга да сарптасак жакшы болмок эле. Эгер ал фонд киреше алып келчү гана демилгелерди каржыласа, анда өлкөдөгү жалпы иш алдыга жылбайт. Анткени эски көпүрө, жолдор, ажатканаларды оңдоп, Кыргызстанды сапаттуу жарнамалай баштасак бизге келчү туристтердин агымы көбөйөт эле. Кыргызстандын жаратылышы көз жоосун алат, көпчүлүктү кызыктырган улуттук оюн, кийим-кече, тамак-ашыбыз бар, бирок туристтер аз. Ошондуктан мамлекет бөлө турчу бир миллиард сомдун белгилүү бир бөлүгү ошол маселелерди чечүүгө жумшалганы жакшы", — деди Глуховеров.
Эске сала кетсек, 2019-жылы өкмөт ата мекендик турзмди өнүктүрүү максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын ачкан. Ага өлкө казынасынан 15 миллион сом бөлүнүп, кымбат баалуу техника, эмерек алынып дымактуу иштеп баштаган. Бирок жыйынтык жакшы болбой, иш ызы-чуу менен коштолуп кылмыш иши козголгон.
Чуй өрөөнүндөгү Бурана мунарасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жаңы түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0