Быйыл Нарын шаарында мектептин жаңы имаратынын курулушу башталат

Окуу кабинети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
Билим уясынын жаңы имаратын куруу үчүн Нарын шаардык мэриясы атайын жер бөлүп берген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Нарын шаарындагы Абдыкадыр Сыдыков атындагы орто мектептин жаңы имараты куруларын Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
"Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагындагы №9 Абдыкадыр Садыков атындагы орто мектебинин жаңы имараты салынат. Курулушту баштоо үчүн 1 миллион сом акча бөлүндү", — деп айтышты.
Мектептин жаңы имаратын куруу үчүн Нарын шаардык мэриясы атайын жер бөлүп берген.
Аталган орто мектептин имараты учурунда дүкөн катары салынып, кийин мектеп болуп Ак-Коргон аймагындагы жашоочулардын балдары билим-тарбия алып келе жатат. Мектептин типтүү эместиги, тардыгы көп жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келген.
Нарында орто мектебинин жаңы имаратын ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Нарын: Эмгек-Талаа айылында жаңы билим уясы пайдаланууга берилди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0