https://sputnik.kg/20220427/paralimpiadalyk-sporttun-turloru-boyuncha-federaciyalar-kobojuudo-1063968635.html
Бакиров: паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлдү
Бакиров: паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлдү
Бишкек мэриясына караштуу Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин теннис, паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча... 27.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-27T11:22+0600
2022-04-27T11:22+0600
2022-04-27T11:22+0600
радио
кыргызстан
шейшенкул бакиров
паралимпиада
спорт
олимпиадалык резерв
/html/head/meta[@name='og:title']/@content
/html/head/meta[@name='og:description']/@content
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1b/1063969766_500:86:2641:1290_1920x0_80_0_0_a8736dd9864496dc5aab9cbeb5195777.jpg
Бакиров: паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлдү
Бакиров: паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлдү
Бишкек мэриясына караштуу Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин теннис, паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча директору Шейшенкул Бакиров параспортто машыктыруучуларды көбөйтүү керектигин айтты.Кыргызстанда паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлүп, спортчулар мелдештерге катыша баштады. Буга чейин эки гана федерация ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Бул тууралуу Шейшенкул Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, парабильярд, пара сууда сүзүү, пара жеңил атлетика сыяктуу түрлөрдү өнүктүрүү боюнча иштер каралып жатат.Ошондой эле адис учурда спортчулар июнь айында Түштүк Кореяда өтө турчу парапауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатына кызуу даярданып жаткандыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1b/1063969766_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_d6af6b2ba24aeeedc6bff9a222516898.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
кыргызстан, шейшенкул бакиров, паралимпиада, спорт, олимпиадалык резерв, аудио
Бакиров: паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлдү
Бишкек мэриясына караштуу Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин теннис, паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча директору Шейшенкул Бакиров параспортто машыктыруучуларды көбөйтүү керектигин айтты.
Кыргызстанда паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлүп, спортчулар мелдештерге катыша баштады. Буга чейин эки гана федерация ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Бул тууралуу Шейшенкул Бакиров
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, парабильярд, пара сууда сүзүү, пара жеңил атлетика сыяктуу түрлөрдү өнүктүрүү боюнча иштер каралып жатат.
"Акыркы жылдарга салыштырмалуу параспорт Кыргызстанда өнүгө баштады. Албетте, көйгөйлөр абдан көп. Өзүбүздүн экономикалык абалыбызды эске алуу менен аракеттер көрүлүүдө. Эл аралык мелдештерде спортчуларыбыз ийгилик менен кайтып, көрсөткүчтөр жакшырып калды. Өлкөдө паралимпиадалык спорттун 13 түрү боюнча федерация түптөлүп, эми мелдештерге балдарды даярдай баштайбыз. Буга чейин эки гана федерация иштеп келген. Бул тармактын өнүгүп жатканы кубандырганы менен майыптардын санынын өсүп жатышы өкүндүрбөй койбойт. Мындан тышкары, машыктыруучулардын санын көбөйтүп, параспортто ийгилик жаратууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Парабильярд, пара сууда сүзүү, пара жеңил атлетика сыяктуу спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иштер каралып жатат. Негизги көйгөйлөрдүн бири атайын спорттук комплекстердин жоктугу менен байланыштуу", — деди Бакиров.
Ошондой эле адис учурда спортчулар июнь айында Түштүк Кореяда өтө турчу парапауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатына кызуу даярданып жаткандыгын кошумчалады.