00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ким сунуштады эле? Маматалиев Түлөбаев менен Түмөнбаевден кечирим сурады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Маматалиев адашып айтканын моюндап, эки депутаттын тең андай ниети жок болгонун белгиледи.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жаңылыш сүйлөп алганын айтып, кесиптештери Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевден кечирим сурады.
Белгилей кетсек, кечээ тармактык комитетте парламенттин жаңы регламенти талкууланып, Маматалиев баяндама жасаган. Анда ал Түлөбаев регламентке ЖК депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганын маалымдаган. Кийинчерээк ал адашып алганын айтып, демилгени Түлөбаев эмес, Түмөнбаев көтөргөнүн билдирген.
Ал эми бүгүн аталган эки депутат тең мындай сунуш бербегенин айтып чыкты.
"Регламенттин кыскартылган варианты 500 барактан турат, депутаттардан 40тан ашуун сунуш берилген. Кечээ төрт саат карадык, орозо убагында минтип иштөө кыйын экен. Кагазга кыскартып жазганда техникалык ката кетип калат экен. Бул жакта иштеген ЖК комитетинин бөлүмүнүн жана автор катары өзүмдүн атымдан эки абамдан кечирим сурайм. Бирок ошол эле учурда ички маселелерди башка жагдайга буруп кетпешибиз керек", — деди Маматалиев.
Андан соң депутат Sputnik Кыргызстандын кабарчысына комментарий берип, сунуш боюнча түшүндүрдү.
"Түмөнбаевден депутаттык топ болсун деп гана келген. Балбак Зарлыкович "Министрлер кабинети мурдагыдай жалпы отчёт береби же бюджет боюнча эле угабызбы? Анын мөөнөттөрү кандай болот?" деген суроолорун берип жатат. "Конституцияны өзгөрткөнгө биздин укугубуз барбы, ЖК ыйгарым укуктарынан аша чаап кетпейби?" деп да сураган. Ал өкмөттү көзөмөлдөбөй, отчётун укпай коёлу деген эмес", — деди эл өкүлү.
Маматалиев өзү жаңылыш сүйлөп алганын моюндап, эки депутаттын тең андай ниети жок болгонун белгиледи.
"Түмөнбаевдин сунушун кароого келгенде Балбак Зарлыковичтин кеңешчиси, катчылыктан кайра-кайра чалып атышты. Телефонду карасам "туура эмес айтып койдуңуз, Түлөбаев эмес, Түмөнбаев" деген билдирүү келиптир. Жанымда отурган бөлүмдүн жетекчилеринен "кимдин сунушу десем "Түмөнбаевдики" дешти. Ошол учурда Түмөнбаевдин сунушун карап жатканбыз. Анан дароо эле адашыптырмын Түлөбаев эмес, Түмөнбаев деп айтып алдым", — деди Маматалиев.
Жогорку Кеңештин жаңы регламентинин долбоору майдагы эс алуу күндөрүнөн кийин жалпы жыйынга чыгарылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Президентти тытып салмай болдук. Түлөбаев Ак үй салууну сындагандарга нааразы
Жаңылыктар түрмөгү
0