https://sputnik.kg/20220426/ehrkekter-da-ehmchek-ragyna-kabylat-1063940220.html
Дөөлөталиева: эркектер да эмчек рагына чалдыгат
Дөөлөталиева: эркектер да эмчек рагына чалдыгат
Sputnik Кыргызстан
Онкология жана гематология улуттук борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы, Россия жана Европанын онкомаммологдор мектебинин мүчөсү, жогорку категориядагы врач... 26.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-26T10:12+0600
2022-04-26T10:12+0600
2022-04-26T10:12+0600
радио
рак
эркек
чолпон дөөлөталиева
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063419896_317:160:2983:1660_1920x0_80_0_0_5bc295b1403a652cc8aedf53d4664fbd.jpg
Дөөлөталиева: эркектер да эмчек рагына чалдыгат
Sputnik Кыргызстан
Дөөлөталиева: эркектер да эмчек рагына чалдыгат
Спортто булчуңдарын өстүрүш үчүн түрдүү биологиялык активдүү заттарды (БАЗ) ичип жүргөн эркектерде эмчек рагына кабылуу ыктымалдуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Чолпон Дөөлөталиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жылына бир эркек эмчек рагы менен катталат.Ал эркектер эмчек рагына кабылган учурда дарылоо ыкмалары аялдардыкындай эле болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063419896_273:0:3004:2048_1920x0_80_0_0_a4d980a1b6665e7c96f16dea696af172.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
рак, эркек, чолпон дөөлөталиева, аудио
рак, эркек, чолпон дөөлөталиева, аудио
Дөөлөталиева: эркектер да эмчек рагына чалдыгат
Онкология жана гематология улуттук борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы, Россия жана Европанын онкомаммологдор мектебинин мүчөсү, жогорку категориядагы врач Чолпон Дөөлөталиева эркектер да эмчек рагына кабылышы мүмкүндүгүн айтты.
Спортто булчуңдарын өстүрүш үчүн түрдүү биологиялык активдүү заттарды (БАЗ) ичип жүргөн эркектерде эмчек рагына кабылуу ыктымалдуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Чолпон Дөөлөталиева
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жылына бир эркек эмчек рагы менен катталат.
"Эмчек рагы эркектерде да кездешет. Бул негизинен гормондук өзгөрүүлөрдөн келип чыгат же травма алганда да пайда болушу мүмкүн. Ал эми гормондук өзгөрүүлөргө эркектер арасында спорт менен алектенип, булчуң өстүрүү үчүн түрдүү БАЗдарды, сыраны өтө көп ичкендер чалдыгышат. Гормондук өзгөрүү болгондо дароо эле эмчек рагы өсүп чыкпайт. Бейтапка алгач гинекомастия деген диагноз коюлат. Ал залал шишикпи же кандай экени текшерүүлөрдөн кийин гана белгилүү болот", — деди Дөөлөталиева.
Ал эркектер эмчек рагына кабылган учурда дарылоо ыкмалары аялдардыкындай эле болорун кошумчалады.