Өкмөт ЕАЭБге товар ташыгандарды электрондук эсеп-фактура алууга чакырды

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
Мындан ары "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жерде, айланма жолдо ЕАЭБ аймагына жөнөгөн экспортчулардын товарга болгон тийиштүү документтери текшерилет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев экспортчуларды Кыргызстандын аймагынан электрондук эсеп-фактурасы жок чыкпоого чакырды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Маалыматка караганда, Кожошев "Ак-Тилек" бекетин көрүп келди. Анда топтолуп калган транспорт каражаттары жок жана көзөмөл өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат.
Кожошев казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин көзөмөл жайындагы абал турукташканын белгилеген. Ал ошондой экспортчуларга кыргыз-казак чек арасынан өтө турган товарларга тийиштүү документтерди (электрондук эсеп-фактура) алууну сунуштаган.
"Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Анын өкүлдөрү "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жерде, айланма жолдо ЕАЭБ аймагына жөнөгөн экспортчулардын товарга болгон тийиштүү документтерин текшерет. Документи жоктор мамлекеттик чек арадан өтө албайт жана Кыргызстандын аймагында калат", — деген Кожошев.
Эске салсак, буга чейин кыргыз-казак чек арасына фуралар топтолуп калганы байкалган. 19-апрель күнү министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция аркылуу байланышкан. Алар чек арага топтолгон фуралардын маселесин талкуулаган. Анын жыйынтыгында, Кыргызстандын Салык кызматы жүк ташуучу унаалардын ташылып бараткан товар үчүн электрондук эсеп-фактура албастан КР аймагынан чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө милдеттендирилген. Ал эми Казакстандын Мамлекеттик киреше комитети жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы бар транспортторго (Казакстан аркылуу ЕАЭБ мамлекеттерине бараткан транспортторду) текшерүү иштерин жүргүзбөшү керек болгон.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте жүк ташуучу унаалар кезекте турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Кыргыз-казак чек арасына топтолгон фура. Бийлик эмнени макулдашты?
Жаңылыктар түрмөгү
0