Эки айда Африканы ачарчылык капташы ыктымал. Эксперт буга Байденди күнөөлөдү

© AFP / JOHN WESSELSКезекте турган Африка жашоочулары. Архив
Кезекте турган Африка жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
Эксперт ачарчылыктын кесепети оор болорун, миллиондогон качкындар Европаны көздөй агыларын белгилеген.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россияга каршы акылга сыйгыс санкцияларды киргизүү менен дүйнөнү социалдык-экономикалык каатчылыкка такап жатат. Мындан улам Африканы ачарчылык капташы ыктымал. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын Африка институтунун директору Ирина Абрамова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кечке эле актана бергенди токтотушубуз керек деп ойлойм. Африкада ачарчылык коркунучун туудуруп жаткан чыныгы күнөөлүү адамды аташ керек. Ал — АКШ президенти Жо Байден. Вашингтондун ойлонбой кабыл алып жаткан Россияга каршы санкцияларынан улам Россия буудайды Африкага жеткире албай жатат. Себеби санкциялар буудай ташууга тоскоолдук жаратууда. Ал жерде нан миллиондогон адамдын негизги тамагы", — деген Абрамова.
Эксперт ачарчылык бир жылда эмес, эки айда эле Африканы толугу менен каптап, кесепети оор болорун, миллиондогон качкын Европаны көздөй агыларын белгилеген.
"Албетте, бул көйгөй Америкага таасир этпейт, анткени бул өлкө алыс. Ал эми Европа эмне кылат? 2015-жылдагы миграциялык каатчылык бери эле жакта калат. Эми Украинадан барган миллиондогон качкынга дагы Африкадан барган ачка миллион качкын кошулат", — деди эксперт.
Адис азыркы тапта БУУ, Эл аралык валюталык фонд жана эл аралык уюмдар дал ушул маселе боюнча коңгуроо кагып, анын айланасында иштеш керектигин белгилеген.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Байдендин Украинадагы калпыстыгы. АКШлык полковник президенттин саясатын сындады
Жаңылыктар түрмөгү
0