00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Италия: Россия Евробиримдикке газ берүүсүн майда токтотушу мүмкүн

© AP Photo / Frank AugsteinГерманиядагы Гронау газ сактоочу жайы. Архив
Германиядагы Гронау газ сактоочу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Европанын айрым өлкөлөрү Россиянын энергия ресурстарынан акырындык менен баш тарта турганын айтып, бирок азырынча анын ишке ашуусу кыйын экенин моюндап келишет.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиядан Евробиримдикке жаратылыш газын берүү май айында аякташы ыктымал. Анткени Брюссель Россия энергиясы үчүн рубль менен акы төлөө системасы европалык санкциялардын талабына жооп бербейт деп эсептейт. Бул тууралуу Италиянын энергетика, электр тармактары жана айлана-чөйрөнү жөнгө салуу кызматынын (Arera) башчысы Стефано Бессегиниге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Жалпысынан алганда, бул нерсени баары эле күтүп турат. Чындап эле май айынан баштап Россия Европага газ жибербей калышы мүмкүн. Андай болсо бир көйгөй бар, ЕБ газ сактоочу кампаларын толтурууга жетишпей калды. Учурда Италия башка мамлекеттер менен келишим түзүүгө аракет кылып жатат. Байкап туралы", — деди Бессегини.
Эске салсак, Батыштын Россияга каршы санкцияларына байланыштуу Италиянын премьер-министри Марио Драги энергия менен камсыздоо жаатында Россиядан көз карандылыкты азайтып, башка өлкөлөрдөн, атап айтканда, Азербайжан, Алжир, Тунис жана Ливия өлкөлөрүнөн жаратылыш газын импорттоону сунуштаган.
Апрель айынын башында Драги Алжирге иш сапары менен барып, эки өлкөнүн алдыңкы мунай жана газ компаниялары кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ушундай эле максатта Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо жана экология министри Роберто Синголани Ангола менен Конго Республикасына иш сапары менен барышты.
Бессегини мындай макулдашуулар импорттук газдын көлөмүн дароо жаба калбасын моюнга алды. Россия газын алууну токтоткондон кийин абал бир топ оорлошу мүмкүн экени айтылды. Мисалы, түнкүсүн жарык берүүнү чектөөдөн баштап жылуулук берүүгө чейин чектөөлөр коюлушу ыктымал.
Arera жетекчисинин айтымында, Россия газын өчүргөн күндөн баштап Италия калкты газ менен камсыздоону жолго салганга чейин он аптадай убакыт керек.
"Евробиримдикте Италия менен Испания гана электр энергиясын өндүрүү үчүн жарым-жартылай газ колдонот. Немецтер көмүрдү, ошондой эле атомдук энергияны кеңири пайдаланат. Бирок азыр мен Францияга көбүрөөк боорум ооруп жатат. Алар азыр атомдук электр станцияларын оңдоп жатышат. Аларга дагы газ абдан керек",— деди Бессегини.
Эске салсак, 24-февралда Россия Украинада атайын операциясын баштаган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага каршы ири санкцияларды киргизип, бул биринчи кезекте банк секторуна жана энергия булактарын жеткирүүгө кесепетин тийгизген.
Европанын айрым өлкөлөрү Россиянын энергия ресурстарынан акырындык менен баш тарта турганын айтып, бирок азырынча анын ишке ашуусу кыйын экенин моюндап келишет.
Газ компрессордук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франциялык экономист: РФке каршы санкциялар Европада тополоңду шарттайт
Жаңылыктар түрмөгү
0