Май айында Ысык-Көлдө эл аралык ири жарманке өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
Бул иш-чара 2016-жылдан бери туристтик көргөзмө катары өткөрүлүп келет. Ал негизинен үч бөлүктөн турат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 13-14-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты — туристтик уюмдардын ортосунда байланыш түзүү, Кыргызстандагы кызыктуу жерлерди, туристтик продукцияны пропагандалоо, конокторду этно-экотуризмдин кызматтары менен тааныштыруу.
Көргөзмөгө туристтик агенттиктердин адистери, чет өлкөлүк инвесторлор, туризм индустриясынын эксперттери, пансионаттардын, мейманканалардын, авиакомпаниялардын өкүлдөрү жана журналисттер катышат.
Бул иш-чара 2016-жылдан бери туристтик көргөзмө катары өткөрүлүп келет. Көргөзмө негизинен үч бөлүктөн турат.
Биринчиси — салтка айланган Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization марафону. Ал 14-май күнү Чолпон-Ата ипподромунда өтөт. Жарышка 20дай өлкөдөн келген 3 миң спортчу катышат. Марафондун катышуучулары Чолпон-Ата шаарына 13-майда келишет.
Экинчиси — Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" борборундагы маданий иш-чаралар. Анда туристтик компаниялардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана туризм тармагында иштеген башка уюмдардын товарлары жана кызматтары менен таанышса болот. Андан тышкары, ушул эле комплексте этнооюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана маданий программа уюштурулат.
Үчүнчүсү — ачык асман алдындагы көргөзмөлөр жана Ысык-Көл бизнес-форуму.
Көргөзмөнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, облус жетекчилиги жана Курорттор ассоциациясы уюштуруп жатат.
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Россиялыктар май майрамдарында эң көп барчу өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар
Жаңылыктар түрмөгү
0