Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эламанова: КМТУда бардык деңгээлдеги билим берүү каралган

© Sputnik / Асель СыдыковаИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Римма Эламанова
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Римма Эламанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Римма Эламанова окуу жайда бардык деңгээлдеги билим берүү каралганын айтты.
Акыркы 2-3 жылдан бери рынок талабы өзгөргөнүнө байланыштуу университеттин окуу программаларына талдоо жүргүзүп, келечекте кандай компетенттүүлүктөгү адис талап кылынарына жараша чечимдерди кабыл алдык. Ага ылайык, 2021-2030-жылдарга чейинки университеттин өнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Римма Эламанова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Эламанова: КМТУда бардык деңгээлдеги билим берүү каралган
Анын айтымында, КМТУда учурда 11 миңден ашык студент билим алууда.
"Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети учурда технологиялык, энергетикалык, инженердик, экономикалык жана унаа куруу факультеттеринде студенттерди окутат. Ошондой эле немец окуу жайлары менен болгон келишимдин негизинде Кыргыз-Герман техникалык институту, Россиялык ЖОЖдор менен биргеликте Билим берүү программалары институту жана Электроника-телекоммуникация институту адистерди даярдайт. Андан тышкары, төрт регионалдык филиалдар Кызыл-Кыя, Кара-Көл жана Кара-Балта, Токмок шаарларында иштеп, балдарга билим берүүдө. Биз орто кесиптик профессионалдык билим берүү менен да алектенебиз. Алсак, Политехникалык колледжде жана аймактарда дагы орто кесиптик окутуу жүргүзүлөт. Баштапкы профессионалдык билим берүү боюнча дагы лицей бар. Мындайча айтканда, университетте бардык деңгээлдеги билим берүү каралган. Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордогу билим берүүнүн 2021-2023-жылдарга карата трансформацияланган "Университет 4.0" моделиндеги программасын иштеп чыккан. Анын максаты — рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу. Ага ылайык, биз студенттерди өндүрүш менен тыгыз байланышта болушун камсыздап, өз оюн практика жүзүндө ишке ашырууга шарт түзүп берип жатабыз. Министрлик беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилерин айткан. Анын арасында биздин университет дагы бар. Ошондуктан азыр "Университет 4.0" программасын толук ишке ашыралы деп турабыз. Себеби ал моделди киргизүүдө укуктук, мыйзам, документация жагынан маселе жаралышы мүмкүн болчу, азыр бул тоскоолдуктар алып салынды", — деди Эламанова.
Ал учурда жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү боюнча жумуштар жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0