Бишкектин кээ бир жеринде 20-апрелде жарык өчөт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр автоматтары. Архив
Электр автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жазылуу
Бул күнү атайын бригада трансформаторлорду оңдоп, бактарды бутап жана башка иштерди аткарат.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү, 20-апрелде, Бишкектин кээ бир жеринде жарык өчөрүн "Түндүк электр" жазды.
Бул күнү атайын бригада трансформаторлорду оңдоп, дарактарды бутап жана башка иштерди аткарат.
График:
9:00-16:00 — Келечек (Келечек көчөсү менен Дорожный туюк көчөсүнүн кесилишиндеги № 14 үй) конушунда;
9:00-17:00 — Термечиков (Арча-Бешик конушунда), Лев Толстой, Фрунзе, Ломоносов, Тыныстанов, Жумабек, Баетов, Раззаков, Токтоналиев (№6Б, 6В үйлөр) көчөлөрүнүн жана Эркиндик менен Жибек жолунда. 6-кичи райондун бир бөлүгүндө (№1, 2/1, 2/2, 10 үйлөрдө);
9:30-17:00 — Уфимский жана Гвардейский туюк көчөлөрүндө;
11:00-17:00 — Орто-Сай (Лесхозная көчөсү) менен Байтик баатыр көчөсүндө;
13:00-17:00 — Осмонкул, Никитин көчөлөрү, Жибек жолу проспектиси жана Речной туюк көчөсү менен чектешкен аймакта. Дордой жана Көк-Жар (Босого көчөсүндөгү № 20, 28 жана 32 үйлөр) конуштарында.
Киши жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жамгыр, мөндүр жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0