Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбеткул кызы: "Чаткал алтыны" сүрөт көргөзмөсү 15-майга чейин уланат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Эти Бакыр Терексай" ишканасынын документация бөлүмүнүн башчысы Айзада Мамбеткул кызы
Эти Бакыр Терексай ишканасынын документация бөлүмүнүн башчысы Айзада Мамбеткул кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Жазылуу
"Эти Бакыр Терексай" ишканасынын документация бөлүмүнүн башчысы Айзада Мамбеткул кызы "Чаткал алтыны" уникалдуу сүрөт көргөзмөсүнө 70тен ашык сүрөт коюлганын айтты.
13-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандагы эң байыркы кендердин бири – Терек-Сай кенинин өндүрүшүнүн келип чыгышына арналган "Чаткал алтыны" уникалдуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология университетинин (КМГУ) студенттери үчүн кен кантип иштетилери, кайсы кесиптин ээлери иштей турганы тууралуу лекция окулду. Бул тууралуу Айзада Мамбеткул кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамбеткул кызы: "Чаткал алтыны" сүрөт көргөзмөсү 15-майга чейин уланат
Анын айтымында, "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасын түркиялык "Эти Бакыр" компаниясы толук каржылап, жалпы 230 миллион АКШ доллар инвестиция салган.
"Сүрөт көргөзмөдө кендин тарыхын жана "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөр (объектилер, жабдуулар, кендердин, Терек-Сай айылынын сүрөттөрү, ошондой эле жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрү) коюлду. Экспозицияга алтын чыгаруучу фабрика ишке киргенге чейин тартылган 70тен ашык сүрөт кирди. Көргөзмө 15-майга чейин уланат. Иш-чаранын максаты —  өлкөнүн тоо-кен өндүрүшүнүн келип чыгышы тууралуу фоторепортажды элге көрсөтүү. Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. Өлкөдөгү эң байыркы тоо-кен ишканаларынын бири. 2015-жылдын 27-ноябрында Жалал-Абад облусундагы Тереккан, Ашуу (Перевальное) жана Теректе алтын жана сурьма кендерин иштетүүгө мамлекет тарабынан сынак жарыяланып, жыйынтыгында "Кыргыз алтын" жана "Эти Бакыр" түрк компаниясы менен биргеликте "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы ачылган. Инвестор катары белгилүү Cengiz Holding конгломератынын курамына кирген ири түрк компаниясы Eti Bakir A.S эсептелет. Бул энергетика, тоо-кен казып алуу, курулуш, туризм жана башка көптөгөн тармактар менен алектенген компаниялардын каржылык-өндүрүштүк тобу", — деди Мамбеткул кызы.
Ал Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Перевальное, Терек жана Тереккандагы кендеринин капиталынын 75 пайызы "Эти Бакыр" компаниясына, 25 пайызы "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомуна тиешелүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0