Доллардын курсу менен ойноп жатышабы? Улуттук банк депутатка жооп берди

Доллар жана сом акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар жана сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Өлкөнүн башкы банкы депутаттарга жооп катары өз алдынча чет элдик валютанын курсун аныктай албай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Улуттук банк аны доллардын курсу менен ойноп жатат деп күмөн санаган депутат Алишер Козуевге жооп берди.
Эл өкүлү парламентте өлкөнүн башкы банкы кечээ, 13-апрелде, депутаттар маселе көтөргөндөн кийин доллардын курсун 10 сомго арзандатканын белгилеген. Ошондой эле “курсту туруктуу кармабай, кандайдыр бир оюн жасап жатат” деген шектенүүсүн билдирген.
Улуттук банк азыркы алмаштыруу курсунун калкыма саясатынын алкагында доллардын сомго карата наркы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын негизинде өз алдынча түзүлөрүн белгиледи.
“Мындай саясатты жетекчиликке алып Улуттук банк ички валюта рыногун катуу тартипте жөнгө салуучусу боло албайт. Кандайдыр бир чек коюп, чет элдик валютанын курсунун өзгөрүү тенденциясын аныктай албайт. Кыргызстанда алмаштыруу курстары өзүнчө белгиленбейт, чет элдик валютаны алуучулар менен сатуучулардын керектөөсүнө жараша түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Улуттук банк ички валюта рыногуна, сырткы финансы рыногуна, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү аталган өлкөлөрдөгү кырдаалга ар дайым байкоо салып турарын кошумчалады.
Балбандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Депутаттардын чуусунан кийин Азия чемпионатына барчу балбандарга акча которулду
Жаңылыктар түрмөгү
0