Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери бекитилди

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүУчактагы стюардесса. Архив
Учактагы стюардесса. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Штаб чет өлкөлөргө учардан мурда чет мамлекеттеги эрежелерди билип алууну эскертти.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери бекитилди. Бул тууралуу Республикалык штабдын Telegram-каналында жазылган.
КРге кирип-чыгуу эрежелери:
КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар менен жүрүүдө жана автоунаа менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш;
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесин колдоно алышат. Учактын ичинде милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана антисептик колдонуу керек. Ошондой эле учакка COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЧР-тесттин мөөнөтү орчундуу себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдеттүү;
12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЧР-тест керек эмес;
ПЧР-тесттин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат;
Чет өлкөлөргө учардан мурда чет мамлекеттеги эрежелерди билип алыңыз.
Автобуска отуруп жаткан жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Чек ара кызматы: Казакстан жакында транзиттик автобустарды өткөрөрүн маалымдады
Жаңылыктар түрмөгү
0