Машыгуулар учурунда жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулуп, кырдаал турукташкан. Кийинчерээк кайрадан атышуу башталып, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаган.
Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотту. Чыр-чатактан Кыргызстандын бир аскери жабыркаган. Анткен менен Тажикстандын чек арачылары кошумча күч тартып жатканы кабарланды.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
10:40 13.04.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу 644 тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
10:40 13.04.2022
Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Баткен милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Баткен жана Согду ОИИБдин кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согду облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо максатында күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ушуну менен бирге Баткендин ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылы коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
ИИМдин маалыматында, учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.
10:38 13.04.2022
Эки киши жабыркады, бири чек арачы
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Жаңжалдын кесепетинен жаракат алып эки жабырлануучу Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна түшкөн. Аскер кызматкери учурда ооруканада. Ага хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орточо оордукта. Экинчи жабырлануучу жай тургун. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.
01:41 13.04.2022
Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлиги окуя боюнча комментарий бере элек.
01:06 13.04.2022
Ок атышуу токтоду. Баткен облусунун башчысынын чек арадагы чыр боюнча видеосу
01:05 13.04.2022
Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлигинин Согдий облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Хикматулло Пираков сүйлөшүп жатат.
“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биринчилерден болуп кошумча күч менен каражаттарды чыңалып турган жерден чыгарып кетүү чечими кабыл алынды. Учурда тараптар чатак чыккан жерден каражаттарын алып кете баштады”, - деп айтылат маалыматта.
Саат 24.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
00:45 13.04.2022
00:19 13.04.2022
Тажик тарап ок чыгарган Лейлектин айрым айылынын тургундары эвакуацияланып жатат. Билдирүүнү президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы тастыктады.
"Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук, Арка, Борбордук, Жаштык айылдарынын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылынын эли өз алдынча эвакуация болууда", — деген маалымат кызматтын өкүлү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жергиликтүү тургундар менен байланышты. Алардын айтымында, Арка айылында атылган октун үндөрү угулган соң айыл жашоочулары үйлөрүн таштай качып чыгышкан. Алар Максат айылы тараптан да атылган октун үндөрү угулуп жатканын кошумчалашты.
00:13 13.04.2022
Баткен менен Согд облустарынын башчылары эки тараптуу жолугушууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Суу чарбасын чечүү, чатактарды болтурбоо. Баткен менен Согдунун башчылары кезикти
Эки облус башчысы бүгүн эле жолуккан болчу
00:11 13.04.2022
Тажик аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Тажикстандын чек арачылары кошумча күч тартып, кыргыз аскерлерин аткылоодо
00:10 13.04.2022
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотту. Чыр-чатактан Кыргызстандын бир аскери жабыркаган. Учурда анын абалы оор экени, операцияга даярдалып жатканы айтылды. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли өз унаалары менен үйлөрүн таштап кетүүдө.
00:09 13.04.2022
12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу башталды. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0