https://sputnik.kg/20220412/1-klasska-ehlektronduk-kattoo-1063578925.html
1-класска электрондук каттоо. Биринчи этапта ата-эне мектеп тандай албайт
1-класска электрондук каттоо. Биринчи этапта ата-эне мектеп тандай албайт
Sputnik Кыргызстан
Баланы мектепке каттоонун биринчи этабында ата-энеге мектеп тандоо укугу берилбейт.
2022-04-12T12:37+0600
2022-04-12T12:37+0600
2022-08-29T11:40+0600
кыргызстан
мектеп
1-класс
электрондук каттоо
каттоо
https://sputnik.kg/img/101859/67/1018596731_0:113:3800:2251_1920x0_80_0_0_04fa0e6033bbfda78e464c1d5540ec83.jpg.webp
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Баланы мектепке каттоонун биринчи этабында ата-энеге мектеп тандоо укугу берилбейт. Бул тууралуу Spunik Кыргызстан агенттигине "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева билдирди.Белгилей кетсек, 1-класска баланы каттоонун биринчи этабы 11-апрелден 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июнда башталып, 10-сентябрда соңуна чыгат.Белгилей кетсек, биринчи этапта система юридикалык каттоосу мектептин айланасында болгондорду гана кабыл алат. Ал эми факт боюнча катталгандар (документинде бир жерде катталып, өзү башка аймак же шаарда жашагандар) экинчи этапты күтүшү керек.Эске салсак, быйыл баланы 1-класска каттоо системасы кыйла өзгөргөн. Программаны иштеп чыккандар ага бир катар чектөөлөрдү койгон. Маселен, сиз баланын жана өзүңүздүн документтеги маалыматты тергенден кийин "Арыз ээси баланын энеси" эмес деген жазуу чыгышы ыктымал. Бул учурда ата-эне сөзсүз калкты тейлөө кызматтарына кайрылышы керек. Мындай жазуунун чыгып калган себебин Кененбаева түшүндүрүп берген.
https://sputnik.kg/20220411/balasyn-kattaj-albagan-ata-ehneler-1063569444.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101859/67/1018596731_423:0:3800:2533_1920x0_80_0_0_f953f93f0c2fc03a4dcd6c2569494032.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
мектеп, каттоо, 2022, электрондук, качан, балдар, мөөнөт
мектеп, каттоо, 2022, электрондук, качан, балдар, мөөнөт
1-класска электрондук каттоо. Биринчи этапта ата-эне мектеп тандай албайт
12:37 12.04.2022 (Жаңыртылды: 11:40 29.08.2022) Баланы мектепке каттоонун биринчи этабы 11-апрелден 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июнда башталып 10-сентябрга чейин уланат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Баланы мектепке каттоонун биринчи этабында ата-энеге мектеп тандоо укугу берилбейт. Бул тууралуу Spunik Кыргызстан агенттигине "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева билдирди.
Белгилей кетсек, 1-класска баланы каттоонун биринчи этабы 11-апрелден 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июнда башталып, 10-сентябрда соңуна чыгат.
"Биринчи этап менен баласын мектепке электрондук каттоодон өткөрчү ата-энелерде тандоо жок. Аларга мектепти юридикалык катталган жери боюнча система сунуштайт. Ал баласын өзү жашаган жердеги эле мектепке бере алат. Эгер ага макул болбосо, экинчи этапты күтөт. Экинчи этапта системанын башкы бетинде кайсы мектептерде канча орун калгандыгы боюнча статистика көрсөтүлөт. Эгер ата-эне каалаган мектепте бош орун калса, жашаган жерине карабай экинчи этап менен мектеп тандап киргизе алат", — деди Кененбаева.
Белгилей кетсек, биринчи этапта система юридикалык каттоосу мектептин айланасында болгондорду гана кабыл алат. Ал эми факт боюнча катталгандар (документинде бир жерде катталып, өзү башка аймак же шаарда жашагандар) экинчи этапты күтүшү керек.
Эске салсак, быйыл баланы 1-класска каттоо системасы кыйла өзгөргөн. Программаны иштеп чыккандар ага бир катар чектөөлөрдү койгон. Маселен, сиз баланын жана өзүңүздүн документтеги маалыматты тергенден кийин "Арыз ээси баланын энеси" эмес деген жазуу чыгышы ыктымал. Бул учурда ата-эне сөзсүз калкты тейлөө кызматтарына кайрылышы керек. Мындай жазуунун чыгып калган себебин Кененбаева
түшүндүрүп берген.