Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акбагышева: Россиянын рыногун кыргыз ишкерлери ээлеп калышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева
Кыргызстан аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Кыргызстан аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева 7-8-апрель күндөрү борбор калаада өткөн Кыргыз-Россия ишкер аялдарынын II бизнес-форумунун максаттары тууралуу айтып берди.
Кыргызстан — Россия ишкер аялдарынын алакасын бекемдөө аркылуу экономикага салым кошуу максатталууда. Бул тууралуу Замира Акбагышева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акбагышева: Россиянын рыногун кыргыз ишкерлери ээлеп калышы керек
Анын айтымында, аталган форум жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
"Россиянын рыногунда кыргыз текстилчилеринин үлүшү алты пайызды гана түзөт. Муну көтөрүү үчүн өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Маселен, тигүү цехтерин көбөйтүү менен экономикага салым кошулат. Жумушчу орундары түзүлүп, миграцияга бөгөт коюлуп жана башка узак мөөнөттүү мультипликативдик эффект болот. Өлкөдө жеңил өнөр жай тармагы кыйла өнүктү, бирок муну менен токтоп калбаш керек. Кийинки деңгээлге көтөрүлүп, жаңы баскычка чыгышы кажет. Учурда Россиянын рыногунан бардык компаниялар чыгып кетишүүдө. Алардын ордун кыргыз ишкерлери сапаттуу продукциясы менен ээлеп калышы керек. Ал үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, заманбап тигүү машиналарын алып келүү, дүйнөлүк стандарттарга туура келген продукцияны чыгаруу зарыл. Ошондуктан бул жылдагы аялдардын Кыргыз-Россия бизнес-форумун текстиль боюнча уюштурууну чечтик. Ошондой эле аталган форум аркылуу инвесторлорду аталган тармакка кызыктыруу каралууда. Маселен, Россиянын жеңил өнөр жай палатасы заманбап тигүү цехтерин куруу боюнча сунуш берүүдө. Шартына ылайык, тигүү машиналары менен алар камсыздайт, бирок алардын тапшырыктарын бир канча жылга чейин аткаруу милдеттенмесин алуу зарыл. Албетте, мунун каражатын да төлөп беришет, техника кийин бизде калат. Ошондой эле лизинг компаниялары аркылуу ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө", — деди Акбагышева.
Ал алдыда аялдардын форумун айыл чарба, зергерчилик боюнча уюштуруу мерчемделип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0