Бишкекке Москва менен Екатеринбургдан кошумча каттамдар ачылды. Графиги

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүү"Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы. Архив
Урал аба жолдору авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Каттамдарды 6-апрелден тарта "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткара баштады.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каттамдарды 6-апрелден тарта "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткара баштаган.
"Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург" багыты боюнча каттам жумасына эки жолу — шаршемби, ишемби күндөрү жүрөт.
Москва — Бишкек — Москва багыты боюнча каттам жумасына 3 жолу, дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби күндөрү аткарылары айтылды.
Red Wings авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Махачкаладан Ошко түз каттам ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0