Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / PexelsЧөптөгү жамгырдын тамчылары. Архив
Чөптөгү жамгырдын тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жазылуу
9-апрелге караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +17...+22 градус болот.
Бул күнү Бишкекте маал-маалы менен жамгыр жаайт, ал эми Ошто күн ачык болот. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +23...+25, Ош шаарында +27…+29 градуска жетет.
Киши сел учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0