Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакирова: "Жаз Деми – 2022" жарышында балдарга угуучу аппарат алып беребиз

© Sputnik / Табылды КадырбековNomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Абакирова
Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Абакирова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жазылуу
Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Абакирова "Жаз Деми – 2022" марафонуна 3000ден ашык адамдын катышуусу күтүлүп жатканын айтты.
10-апрелде Бишкекте "Бакай Банк Жаз Деми" салттуу жазгы жарышы өтөт. Уюмдун негизги миссиясы Кыргызстанда массалык спортту өнүктүрүү болуп саналат. Мындай спорттук иш-чараларды өткөрүүнүн негизги максаты – спортту калк арасында кеңири жайылтуу жана аны баарына жеткиликтүү кылуу. Бул тууралуу Айгерим Абакирова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абакирова: "Жаз Деми – 2022" жарышында балдарга угуучу аппарат алып беребиз
Анын айтымында, старттык пакеттер 8-9-апрель күндөрү таратылат.
"Жылдагыдай эле маршрут Бишкек — "Манас" аэропорту автожолунда мерчемделген. Старт жана финиш Аска-Таш мемориалдык комплексинде болот. 14 жаштан жогору бардык спорт сүйүүчүлөрү 5, 10 жана 21,1 чакырым чуркашат. Жарыштын алкагында үч жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн 100, 200 жана 500 метр аралыктагы дистанция да бар. Быйыл алыскы региондордогу кыргызстандыктар үчүн "Аймактык" дистанциясына каттоо ачылды. Анда катышуучулар өз аймагынан онлайн-жарышка катышып, марага жеткенде көксөгөн медалды ала алышат. Андан тышкары, уюштуруучулар Рамазан айында орозо кармаган жарыштын катышуучуларын ооз ачардан кийин "Ынтымак" сейил багында (20:00дон 22:00го чейин) медалдар менен тосуп алууга даяр. Мында орозо кармагандар мейли бир чакырым болсо да каалаган жеринен чуркап барып парктагы фиништен медаль тагынат. "Аймактык" жана "Орозо" дистанциясы жарыштын алкагындагы байге категориясына кирбейт жана аталган аралыкта чуркагандарга индивидуалдуу хронометражды эсептеген My Laps системасы орнотулбайт. Быйыл жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык каралган жок. Бирок жакшы белектер даярдалды. Ал эми медаль төрт бөлүктөн туруп, аны жыл ичинде өтө турган төрт марафонго (Bakai Bank Jaz Demi, Toy boss night run, Snow Leopard Run, Santa run 2022) катышып чогултуу керек. Пазл чогулганда Айгүл гүлүнүн сүрөтүн көрө аласыздар. Белгилей кетсем, төрт медалды чогулткан катышуучулар арасында да байге ойнотулуп, жеңүүчүлөргө Garmin акылдуу сааты, Asics спорттук бут кийими жана Стамбул жарым марафонуна катышууга жолдомо берилет", — деди Абакирова.
Ал ар бир катышуучунун старттык төлөмүнөн 20 сом бөлүнүп, каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү кулагы начар уккан балдарга угуучу аппараттарды сатып алууга жумшаларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — аталган иш-чаранын расмий өнөктөшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0