https://sputnik.kg/20220407/bishkek-zhol-kyrsyk-olum-1063468155.html
Бишкекте машина уруп кеткен кыз ооруканада каза болду. Каргашанын видеосу
Бишкекте машина уруп кеткен кыз ооруканада каза болду. Каргашанын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Айдоочу 26 жаштагы кызды жолдон өтүп бара жаткан жеринен сүзгөн. 07.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-07T13:35+0600
2022-04-07T13:35+0600
2022-04-07T13:35+0600
кыргызстан
бишкек
жол кырсык
өлүм
кыз
айдоочу
https://sputnik.kg/img/103407/52/1034075274_0:0:6016:3385_1920x0_80_0_0_11bd64ff48bf78c89dc0781e969bb566.jpg
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жолдо өтүп бараткан кызды сүзүп, жабырлануучу ооруканадан үзүлдү. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.Бүгүн, 7-апрелде, эртең менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Opel Astra үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Биринчи автоунаа кырсык болгон жерден из жашырып баратып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жол чырактын кызыл жарыгына токтобой жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Милициянын маалыматында 27 жаштагы айдоочу мас абалында болгон.Жабыркаган кыз өтө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ооруканадан үзүлгөн. Маалым болгондой, ал 26 жашта эле.
https://sputnik.kg/20220403/bishkekte-bolgon-zhol-kyrsyk-1063358800.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103407/52/1034075274_553:0:5908:4016_1920x0_80_0_0_3db601747453052acd23b241d0f8c803.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жол кырсык, өлүм, кыз, айдоочу
кыргызстан, бишкек, жол кырсык, өлүм, кыз, айдоочу
Бишкекте машина уруп кеткен кыз ооруканада каза болду. Каргашанын видеосу
Айдоочу 26 жаштагы кызды жолдон өтүп бара жаткан жеринен сүзгөн.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жолдо өтүп бараткан кызды сүзүп, жабырлануучу ооруканадан үзүлдү. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 7-апрелде, эртең менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Opel Astra үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Биринчи автоунаа кырсык болгон жерден из жашырып баратып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жол чырактын кызыл жарыгына токтобой жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Милициянын маалыматында 27 жаштагы айдоочу мас абалында болгон.
Жабыркаган кыз өтө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ооруканадан үзүлгөн. Маалым болгондой, ал 26 жашта эле.