Бүгүн жөө күлүктөр ШКУнун Ташкент марафонунда чуркайт. Кимдер катышат

© AFP / JOSE LUIS ROCAЖеңил атлетчилер марафон чуркоо учурунда. Архив
Жеңил атлетчилер марафон чуркоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Эл аралык турнирге 2,5 миңден ашуун спортчу катышары күтүлүп жатат. Кыргызстандын атынан алты жеңил атлетчи барган.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУнун) Ташкент марафонуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Эл аралык мелдеш бүгүн, 27-мартта, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Турнирге 2,5 миңден ашуун спортчу катышары күтүлүп жатат.
Курама команданын тизмеси:
Мария Коробицкая;
Гүлшаной Сатарова;
Илья Тяпкин;
Нурсултан Кеңешбеков;
Бердигул Айтпай уулу;
Тилекжан Жекшенаалы уулу.
Жөө күлүктөрдү башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев коштоп кеткен.
Кыргызстандын аралаш мушташ боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Нидерланддарга жөнөп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Кыргызстандык мушкерлер Амстердамдагы дүйнө чемпионатына жөнөп кетти. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0