Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбаева: Биринчи май районуна мамрезерв берген кумшекер жана май 26 дүкөндө сатылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева 2022-жылдын башында таратылган гуманитардык жардам тууралуу айтып берди.
Биринчи май районунда жалпы 16 жаңы конуш бар. Анын ичинде 3-4 анклав конуштар кайсы районго кирери аныктала элек. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында үй-бүлөгө көмөк, социалдык жөлөк пул алчу жарандар, багуучусунан ажыраган балдар, 18 жашка чейинки жана андан жогору курактагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, угуу жана көрүү майыптыгы барлар, тоголок жетим, оор кырдаалга кабылган, аз камсыз үй-бүлөлөр катталган. Бизге түшкөн гуманитардык жардам мына ушул адамдарга таратылат. Бул тууралуу Аида Рысбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Рысбаева: Биринчи май районуна мамрезерв берген кумшекер жана май 26 дүкөндө сатылууда
Анын айтымында, Биринчи май районундагы каттоого алынбаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин муниципалдык аймактык башкаруунун башчылары (Биринчи май районунда 5 МАБ бар) чогултуп берет.
"ӨКМдин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Биринчи май районуна 50 тонна кумшекер жана 20 миң литр өсүмдүк майын берди. Бул азыктар 26 дүкөнгө таратылды. Учурда фонддон чыгарылган кумшекердин бир килограммы 70 сом, ал эми майдын 1 литри 130 сомдон сатылууда. Негизи Бишкек шаарынын ар бир районунда калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүлүп келет. Алсак, 14-январда министрлер кабинетинин төрагасы мэрияга Мамлекеттик материалдык резерв фонду менен ӨКМ бөлгөн гуманитардык жардамды таратуу тапшырмасын берген. Бизге мамрезерв тарабынан 231 миң тонна ун берилди. Аны 3-марттан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 4 635 үй-бүлөгө (бир үй-бүлөгө 50 килограммдан) тараттык. Ал эми 15-мартта кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк пакети, 20-январда 318 үй-бүлөгө 900 даана кийим-кече, 29-январда 30 даана күрмө, февраль айында 44 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жууркан, жылыткыч жана 5-12 жашка чейинки балдарга куртка берилди. Ал эми март айында дагы бир кайрымдуулук фонду 150 үйгө азык-түлүк комплектилерин (ун, макарон, май, кумшекер ж.б.) берди", — деди Рысбаева.
Ал аталган райондогу Панфилов көчөсүндө азык-түлүккө болгон бааны турукташтыруу үчүн жарманкелер уюштурулуп турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0