https://sputnik.kg/20220324/nebenzya-rossiya-chyr-chatak-kajgyruu-1063085797.html
Небензя: Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат
Небензя: Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат
Sputnik Кыргызстан
Шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча жай тургундарды чыгарып кетүү максатында ок атууну токтотууга чакырган гуманитардык... 24.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-24T12:04+0600
2022-03-24T12:04+0600
2022-03-24T12:05+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
буу
коопсуздук кеңеши
василий небензя
резолюция
чыр-чатак
https://sputnik.kg/img/07e6/03/18/1063081913_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_fdabd19c4a13729c4d848692051ae931.jpg
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат. Ар бир өмүр баалуу. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости кабарлады.Шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча жай тургундарды чыгарып кетүү максатында ок атууну токтотууга чакырган гуманитардык резолюциясынын долбоорун колдобой койгон.Батыштын бир катар өкүлдөрү мындай кадамын "резолюция Украинадагы гуманитардык каатчылыкка Москваны себепкер деп тааныган эмес" деп түшүндүрүшкөн.Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Барбара Вудворд гуманитардык каатчылыкка Россия себепкер экенин тааныбаса, кандай резолюция болбосун ага добуш бербей турганын айткан. Ошол эле учурда Вудворд Александр Солженицындин ачык каттарынын биринде жазылган "бардыгыбыз адам экенибизди эстей турчу күн келди" деген жерин окуган.Ал Россия чыр-чатакта көз жумган адамдарга кайгырып жатканын айтып, ар бир өмүр баалуу экенин белгилеген.Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
https://sputnik.kg/20220319/lavrov-atajyn-operaciya-tuuraluu-1062979304.html
https://sputnik.kg/20220324/buu-rossiya-ukraina-gumanitardyk-rezolyuciyu-1063084531.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/18/1063081913_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_415fa2891fb93c535aefc9d4d4619d23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
буу, коопсуздук кеңеши, василий небензя, резолюция, чыр-чатак
буу, коопсуздук кеңеши, василий небензя, резолюция, чыр-чатак
Небензя: Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат
12:04 24.03.2022 (Жаңыртылды: 12:05 24.03.2022) Шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча жай тургундарды чыгарып кетүү максатында ок атууну токтотууга чакырган гуманитардык резолюциясынын долбоорун колдобой койгон.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат. Ар бир өмүр баалуу. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин
РИА Новости кабарлады.
Шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча жай тургундарды чыгарып кетүү максатында ок атууну токтотууга чакырган гуманитардык резолюциясынын долбоорун колдобой койгон.
Батыштын бир катар өкүлдөрү мындай кадамын "резолюция Украинадагы гуманитардык каатчылыкка Москваны себепкер деп тааныган эмес" деп түшүндүрүшкөн.
Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Барбара Вудворд гуманитардык каатчылыкка Россия себепкер экенин тааныбаса, кандай резолюция болбосун ага добуш бербей турганын айткан. Ошол эле учурда Вудворд Александр Солженицындин ачык каттарынын биринде жазылган "бардыгыбыз адам экенибизди эстей турчу күн келди" деген жерин окуган.
"Улуу Британия өкүлү бардыгыбыз адам экенибизди эскерткенин уктук. Тилекке каршы, көп мамлекеттер, анын ичинде Улуу Британия бул тууралуу башка эпизоддордо эстешкен эмес", — деген Небензя.
Ал Россия чыр-чатакта көз жумган адамдарга кайгырып жатканын айтып, ар бир өмүр баалуу экенин белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе
Telegram каналыбызга катталыңыз.
19 Жалган Куран 2022, 19:22
24 Жалган Куран 2022, 11:41