Сак болуңуз! ИИМ каржы пирамидасындагы элди алдаган схемаларды айтып берди

© Фото / Pixabay / Thomas BreherОднодолларовая купюра. Архив
Однодолларовая купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Жазылуу
Милиция элди алдамчылардын жеңил жана тез киреше алып келет деген кылтагына илинүүдөн алыс болууга кеңеш берди.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги каржы пирамидаларынын түрлөрү тууралуу маалымат берди.
ИИМ жарандарды пирамидалык схемалардын мыйзамсыздыгы тууралуу эскертип, "кирешени тез жана оңой жол менен аласыз" деп кызыктырган алдамчы операцияларга катышпоону сунуштайт.
Анын төмөнкүдөй түрлөрү болот:
Бир тепкичтүү (Понци схемасы). Бул типтеги пирамидада бирдиктүү уюштуруучу бар. Ал жогорку киреше алуу үчүн схемага акча салууну сунуштайт. Биринчи инвесторлор кийинки катышуучулардын салымдарынан киреше алышат. Мындай схема кадимки пирамидаларга караганда туруктуу жана узакка созулат. Пирамиданын катышуучулары кайра инвестициялоону улантууну жана теңтуштарын, тааныштарын, туугандарын тартууга үгүттөшөт.
Схема Карл Понцинин атынан аталган. 1919-жылы ал почта купондоруна инвестициялоону жана валюта курсунун айырмасынан киреше алууну сунуш кылган (Европада купонду бир маркага, ал эми АКШда 6 маркага алмаштырууга болот).
Көп баскычтуу. Бул модель кызматтарды же буюмдарды сатууга ылайыкталып түзүлгөн жана көп баскычтуу пирамиданын ар бир мүчөсү жаңы агенттерди тартуу менен алектенет. Мында буюмдун өзү эч кандай баалуулукка ээ эмес же анын баасы өтө жогору болот.
Пирамиданын катышуучусунун милдети — сатып алуучуга буюмдун уникалдуу касиеттери жөнүндө айтып берүү, ошондуктан ал сатып алууну инвестиция катары эсептейт. Бирок, чындыгында, бул пирамидага кирүү акысынын аналогу гана.
Матрица. Бул — пирамиданын туруксуз түрү. Мүчө болуу үчүн сиз белгилүү бир сумманы салышыңыз керек. Андан кийин адам күтүү тизмесинин төмөнкү сабына катталат. Анын артынан канчалык көп адамдар тартылып катталса, тизмедеги статусу ошончолук жогору болот жана керектүү суммага жеткенде ал убада кылынган бонусту алат. Эреже катары бул баалуу нерсе: электроника, саякаттоо же ал тургай, автоунаалар. Бирок абдан кооптуу схема.
Катышуучулар товарлар үчүн базар баасынан көбүрөөк төлөшөт. Алар уюлдук телефонду, электрондук китепти же программалык компакт-дискини сатып алуу менен баалуу бонус алууга үмүттөнүшөт. Бирок пирамида кулаганда, алар ашыкча бааланган керексиз буюмдар менен калат.
Ички иштер министрлиги элди мүмкүн болушунча сак болууга, шашылыш чечимдерди кабыл алып, жогорудагыдай тармактарга кирип кетпөөгө чакырат. Ар кандай маалымат текшерүүнү талап кылат, эң жакшысы, ачык булактардан кеңеш жана маалымат алуу туура болорун белгиледи.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Каржы пирамидасы: өлкөдө эки айда 133 киши 61 млн. сом чыгым тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0