00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө желимден кагаз баштыктар менен таңгактарга өтүү үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекке бир күн мэр болгон Нургазиев шылуундукка шектелип кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев. Архив
Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Эрмек Нургазиев бир нече жыл мурун сатылган батирлерди кайра саткан деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев кармалганын милициядан кабарлады.
Эскерте кетсек, Нургазиев өткөн жылдын 9-февралында мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, эртеси премьер-министр тарабынан кызматтан алынган. Соцтармакта анын дарегине сын айтылып, шылуундукка айыпталып, аялга кол көтөргөн окуясын да эстешкен.
Нургазиевдин кармалышынын чоо-жайын билүү үчүн редакция Чүй облустук ИИББге кайрылды.
"2019-жылдын июль айынын башында Октябрь РИИБге Н.Э. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн жамааттык кат келген. Анда турак жай-курулуш кооперативинин төрагасы болуп турган Н.Э. сатылган батирлерди кайрадан сатканы айтылган. Натыйжада 68 550 долларлык зыян келтирилген", — деди милициядан.
Аталган факт Октябрь РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартына прокуратура органдары тарабынан бул сотко чейинки өндүрүштү тергөө Чүй облустук ИИББге тапшырылган.
"18-март күнү аталган кылмышка шектүү катары Н.Э. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн үстүнөн 7 арыз түшүп, 4 700 доллар жана 309 000 сом зыян келтиргени аныкталды. Жалпы жонунан зыяндын көлөмү 73 250 доллар жана 309 миң сом деп бааланууда ", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо 102 номери аркылуу байланышууну өтүндү.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Милиция: Ошто элди алдаган делип кооперативдик ишкананын жетекчиси кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0