Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сагынбаев: канаттуулардын саны жылдан-жылга азайып баратат

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин жетекчиси Сейитказы Сагынбаев
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин жетекчиси Сейитказы Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин жетекчиси Сейитказы Сагынбаев өлкөдө канаттуулардын 400дөн ашуун түрү бар экенин айтты.
Канаттууларга жылына үч ирет санак жүргүзөбүз. Китептерде 345 түрү бар деп жазылып жүрөт, бирок учурда 400дөн ашты. Алар жер которуп жүрүүчү жандыктар болгондуктан сандар өзгөрүп турат. Бул тууралуу Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сагынбаев: канаттуулардын саны жылдан-жылга азайып баратат
Анын айтымында, канаттуунун 58 түрү Кызыл китепке кирген.
"Кыргызстанда жалпысынан канаттуунун 400дөн ашуун түрү бар. Бирок алардын саны жылдан-жылга азаюуда. Анткени канаттуулардын жашоосу адам менен тыгыз байланышкан. Айрымдары бизден көз каранды, тактап айтканда, адам жашаган жерлерге уя салышат. Жыл сайын өлкөгө кыштоого 60-70 миңдей канаттуу учуп келет, алардын 50-60 миңи сууда жашаган түрлөрүнө кирет. Бизде сууда жашап, кыштоого учуп келген канаттуулардын 30 түрү кездешет. Алар Казакстан, Сибирь жактардан учуп келишет. Советтер Союзу учурунда буларды коргоого өзгөчө көңүл бурулчу. Атайын жем чачуу иштери аткарылчу. Айтсак, 1948-жылы ушул кыштоого учуп келген канаттууларды коргоо үчүн Ысык-Көл коругу уюштурулган. Мындан сырткары, учурда өлкө боюнча 10 жаратылыш коругу, 12 жаратылыш багы жана 50дөн ашуун кичинекей коруктар бар. Булардын негизги иши канаттууларды коргоого багытталышы керек эле. Бирок, тилекке каршы, учурда жалпы коомчулук кайдыгер мамиле кылууда. Алсак, балык кармаган торлор мурдагыдай майда көзөнөктүү эмес, суу астында көзгө көрүнбөгөн түстө болуп жатат. Аларга чумкуган өрдөктүн түрлөрү түшүп калган учурлар абдан көп. Мындан сырткары, сууда жашаган башка канаттуулар да дал ушул торлордун курмандыгы болуп жатышат. Андыктан балык уулоодо мындай заттарга тыюу салынса жакшы болмок", — деди Сагынбаев.
Ал 1950-60-жылдары өлкөгө кыштоо үчүн учуп келген канаттуулардын саны 100 миңден ашык болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0