Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Макиева: эмчек рагы менен ооругандардын ар үчүнчүсү — жаш кыздар

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицина илимдеринин доктору, КРСУнун онкология жана радиациялык терапия кафедрасынын профессору Кыял Макиева
Медицина илимдеринин доктору, КРСУнун онкология жана радиациялык терапия кафедрасынын профессору Кыял Макиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, КРСУнун онкология жана радиациялык терапия кафедрасынын профессору Кыял Макиева эмчек рагынын белгилери жана анын алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда эмчек рагы кеңири таралган онкологиялык оорулардын бири. Дүйнө жүзүндө бир миллионго жакын аял ушул оору менен жабыркайт. Ар бир 10 мүнөт сайын эмчек рагына кабылган жаңы учурлар катталса, алты мүнөт сайын аталган оорудан бир аял каза табат. Кыргызстанда жылына 700дөн 1000ге жакын аял эмчек рагы менен ооруп калат. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Макиева: эмчек рагы менен ооругандардын ар үчүнчүсү — жаш кыздар
Анын айтымында, эмчек рагы гормоналдык бузулуудан улам пайда болот.
"Окумуштуулар эмчек рагынын так себептерин дагы эле айта алышпайт. Бирок ошол эле учурда дарыгерлер рактын өнүгүшүнө алып келе турган онго жакын тобокел факторлорун белгилеп келишет. Алардын арасында 55 жаштан жогорку курак, тукум куучулук (10-15 пайыз), төрөбөө же кеч (35 жаштан кийин) биринчи төрөт, эмизбөө, этек киринин эрте башталышы (12 жашка чейин), эмчек безин жабыркатып алуу, аборт, кеч менопауза, ошондой эле мурда сүт бездеринде залалсыз шишиктери бар болсо жана аны дарылабаса бара-бара ракка айланат. Эмчек рагынын белгилери башында байкалбайт. Рактын II стадиясында гана аялдар белгилерин өздөрү байкап калышат. Ал эми III жана IV стадияда сүт бездери ооруп баштайт. Онкологиялык оору көп этап менен дарыланат. Алсак, шишиктин өзгөчөлүгүнө жараша химиялык, гормоналдык, иммундук, нур терапиясы, хирургиялык дарылоо ыкмалары колдонулат. Жыл сайын эмчек рагы менен жаш кыз-келиндер кайрылууда. Учурда эмчек рагы менен жабыркаган ар бир үчүнчү бейтап жаш кыз", — деди Макиева.
Ал илдетти алдын алуу үчүн жыл сайын бир ирет дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0